Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Акын Совет Урмамбетовдун чыгармачылыгына арналган конференция өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде көрүнүктүү акын, маркум Совет Урмамбетовдун чыгармачылыгына арналган илимий конференция болду. Конференциянын жүрүшүндө акын Совет Урмамбетовдун чыгармачылыгы тууралуу «Жан дүйнөнүн жалындуу акыны», «Совет Урмамбетов – лирик акын», «Көл болсо да, көл жээгинде мен болсом» деген темаларда баяндамалар жасалып, Кыргыз улуттук университетинин ректору, академик Аскар Какеев, Кыргыз эл акындары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуевдер акынды эскерип сөз сүйлөштү. Акын Совет Урмамбетовдун «Жел кеме», «Көлдүн таңы», "Адам жана табият" жана башка 15тен ашуун ыр китептери жарык көргөн. Совет Урмамбетов ошондой эле Пушкин, Гейне, Абай, Гамзатов, Кулиев, Вознесенскийдин жана башка акындардын чыгармаларын кыргыз окурмандарына которуп, тартуулаган.

Жаңылыктар топтомун Бакыт Аманбаев, Азиза Турдуева жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG