ЖАЛАЛАБАД. Жалалабад облусунун чегара райондорунда мал уурулугун жоюу үчүн айылдык коргоо топторун түзүшүүдө. Базаркоргон районундагы Өзбекстан менен чектешкен Сейдикум айылынын тургундары кезектешип, айыл жолдорун коруу жана ички иштер органдарынын адистерине жардам көрсөтүү чечимине келишти. Алардын билдиришинче, уурулар жылкы, уйларды көбүнчө түнкүсүн талаа аркылуу коңшу мамлекетке өткөрүп берип жатышат. Ноокен районундагы Сакалды айыл өкмөтүндө 25 адамдан турган "Бүркүт" тобу түзүлгөн. Ал топтун жетекчиси Салы Жумабаевдин маалыматында, соңку айларда Масы, Ноокен, Сакалды, Кочкората айыл өкмөттөрүнөн 45 уй уурдалган. Облустук ички иштер башкармасы соңку учурда облуста мал уурулугу каттала электигин жана уурулукту элдин катышуусу менен гана азайтуу мүмкүн экендигин билдирди.