Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Ысыккөл облустук мамадминистрациясы менен билим министрлигинин кошмо жыйыны өттү


КАРАКОЛ. Илим жана билим министри Ишенгүл Болжурова Ысыккөл облусунун билим берүү тармагында эң орчундуу көйгөй - китептин жетишсиздиги жана мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу экендигине токтолду. Министрликтин өкүлү Айылчиева текшерүүнүн негизинде облус боюнча билим сапатынын төмөндүгү, ар бир район боюнча диаграмма түрүндө көрсөтүп, тажрыйба жүргүзүлүп жаткан кээ бир мектептердин өз статусуна жооп бербегендигин белгиледи. Облустагы баардык мектептерде директор, завучтардын окуу, тарбия иштерине көзөмөл кылбагандыгы, мугалимдердин өзүн өзү өнүктүрүү иштери колго алынбагандыгы негизги кемчиликтер катары айтылды. Жогорку окуу жайлары боюнча окуу пландарынын жоктугу, окуу процессин бузган учурлардын көп орун алышы, мугалимдердин жетишсиздиги жана башка кемчиликтер белгиленди. Кошмо коллегиянын соңунда облус боюнча бир нече мектеп директорлору орундарынан бошотулуп, бир катарларына сөгүш жарыяланды.

XS
SM
MD
LG