Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Ошто улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу талкууланды


ОШ. ПРООНдун колдоосу менен Кыргызстандын түштүгүндөгү улут аралык чыр-чатактарды алдын алуу маселелерине арналган жыйынга Баткен, Жалалабад жана Ош облустарынын губернаторлору, ПРООНдун туруктуу өкүлү Эжи Скуратович, чыр чатактуу кырдаалдарды алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышкан ЮСАИД, ЕККУ, "Тынчтык" корпусу жана башка эларалык уюмдардын өкүлдөрү, 3 облустун чегарада жайгашкан райондордун жетекчилери катышышты. Форумда Кыргызстандын Түштүгүндөгү чыр-чатакты пайда кылуучу кырдаалдар жана көгөйлөр, аларды жергиликтүү жана өкмөттүк деңгээлде чечүү жолдору тууралуу сөз болду. Маалыматтарга караганда, 3 облуста тең чыр-чатактуу кырдаалдын келип чыгуусуна эң биринчиден чегара маселеси, коңшу жашаган элдердин бири-бири менен карым-катышынын кыйынчылыкка учурап жатышы, түрдүү экстремисттик диний агымдардын иштери, жумушсуздук жана жакырчылык себеп болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG