Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:07

«Ростсельмаш» заводунан комбайндар келет


БИШКЕК. Жакынкы жылдарда Орусиянын «Ростсельмаш» акционердик коому Кыргызстанды 1000ге жакын айыл чарба машиналары менен камсыз кылат. Бул тууралуу бүгүн бул ишкананын өкүлү Евгений Волков «Кабар» маалымат агенттигинде маалымдады. «Ростсельмаш» заводунда чыгарылган айыл чарба машиналары дүйнөнүн көптөгөн өкөлөрүнө экспорттолот. Кыргызстандын айыл чарбасында бүгүнкү күндө аталган компаниянын 3500гө жакын камбайны иштетилүүдө. Акционердик коом Орусиянын ири машина куруучу холдингдеринин бири болгон «Жаңы биримдик» өнөр жай бирикмесине кирет. Заводдун негизги соода маркалары «Нива», «Дон» жана «Вектор» болуп эсептелет. «Ростсельмаш» компаниясы учурда Чыгыш Европадагы ири тейлөө түйүндөрүнүн бири болгон «Сервис-Мастер» тейлөө түйүнүн түзгөн жана анын адистештирилген борборлору Орусия, Болгария, Украина, Казакстан, Молдова жана Белорустун 62 шаарында бар.

XS
SM
MD
LG