Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Жогорку окуу жайларда 199 миң студент билим алууда


БИШКЕК. Учурда Кыргызстанда 46 жогорку окуу жайы бар. Анын ичинде 32 окуу жай мамлекеттик, калганы жеке менчиктеги окуу жайлар. Жалпысынан жогорку окуу жайларында 199 миң студент билим алышууда. Анын ичинде мамлекеттик окуу жайларда 184 миң студент, калганы жеке менчик окуу жайларында окушат. Ошондой эле, жогорку окуу жайларда 13 миң 221 мугалим эмгектенет. Алардын арасында 526 илимдин доктору, 2598 илимдин кандидаты бар. Мындай маалымат улуттук статистика комитетинен алынды.

XS
SM
MD
LG