Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Агрардык реформага арналган эларалык жыйын башталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте агрардык реформанын 10 жылдыгына арналган эларалык илимий конференция башталды. Ага КМШ, Европа жана Азия өлкөлөрүнүн, эларалык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы илимпоз-адистери, жалпысынан 400гө жакын адам катышууда. Бүгүн конференциянын катышуучулары секциялар боюнча иш жүргүзүштү. Секцияларда өлкөдө кооперативдерди кайрадан жандандыруу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, айыл чарбасындагы маркетингди өздөштүрүү, айыл чарба продукциясын экспорттоо жана башка маселелер талкууланды. Ошондой эле Кыргызстандагы агрардык реформанын экинчи баскычында артыкчылык бериле турган багыттары талкууланды. Секциялардын ишинде белгиленгендей, мындан ары реформанын алкагында айыл чарбасын кредиттөөнү, тармакка инвестицияларды тартууну жакшыртуу маселелерине, жер реформасын тереңдетүү, кооперативдик кыймылды активдештирүү жана башка иштерге башкы көңүл бурулмакчы. Бул күнү ошондой эле Бишкекте айыл чарба көргөзмөсү ачылып, анда чет өлкөлүк 70 ишкананын айыл чарба продукциясы коюлду. Илимий конференциянын пленардык жыйыны 13-мартта болот.

XS
SM
MD
LG