Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Гуантанамодон Британдык туткундар бошотулду

ЛОНДОН. Гуантанамо аскерий базасында кыйноолорго кирептер болгонун Англиянын жаңы бошотулган атуулу Жамал-ал-Харит “Дэйли Мирро” гезитине билдирди. Жамал-ал-Харит жана дагы төрт адам шейшембиде террорго катышкан деп шектелгендер кармалып турган Гуантанамо аскерий базасынан бошотулуп, Британияга кайтып келди. Алар айыбы жок деп табылган. Гезиттин жазышынча, Жамал-ал-Харит Гуантанамодо кармалып турган эки жыл ичинде аскерий полиция тарабынан көп ирет чынжырга байланып, уруп сабоого дуушар болгон. Мындай запкы көрсөтүү дарыгерлерге ийне сайдыруудан баш тартканда жасалчу.
​
XS
SM
MD
LG