Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

Сербия Зоран Жинжичти эскерди


БЕЛГРАД. Сербия мындан туура бир жыл мурда – 2003-жылдын 12-мартында киши колдуу болгон премьер-министр Зоран Жинжичти эскерди. Мамлекеттик кызматкерлер жана чет элдик дипломаттар болуп баш-аягы алты миңдей адам Белграддагы өкмөт үйүнүн алдына - Зоран Жинжич ок жеген жерге жыйналышты. Премьер-министр Воислав Коштуница азыр деле өкмөт алдында Зоран Жинжичтин колу жетпей калган уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш маселеси турганын билдирди. Ал ошондой эле Жинжичти аткан адамдар сөзсүз жазасын алат деп сөз берди. Зоран Жинжичти өлтүрүүгө катышкан деп учурда 13 адам айыпталып, соттук териштирүүдөн өтүп жатат. Бир апта мурда бул кылмыш боюнча негизги күбөлөрдүн бири киши колдуу болгон.

XS
SM
MD
LG