МОСКВА. Cот “Аэрофлот” авиакомпаниясынын мурдагы жетекчилерин кызмат абалынан кыянат пайдаланган жана акча каражаттарын чет өлкөлөргө мыйзамсыз которгон деген бүтүм чыгарды. Авиакомпаниянын башкы деректиринин мурдагы биринчи орун басары Николай Глушков 3 жыл 3 айга кесилди, бирок Н.Глушков тергөө абагында эле бул мөөнөттү отуруп койгондуктан жана ден соолугу начарлап кеткендиктен сот залынан дароо бошотулду. Калган айыптоочулар - Анатолий Красненкер, Лидия Крыжевская жана Роман Шейнин мунапыска туш келип, эркиндикке чыгышты. Сот айыпталуучулардан негизги күнөөнү – алдоо аркылуу уурдоо деген күнөөнү алып салды. Николай Глушков – Борис Березовскийдин бизнестеги өнөгү катары белгилүү.