Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Жорж Буш Испаниянын элчилигиндеги аза күтүүгө катышты


ВАШИНГТОН. Мадриддеги террордук чабуулга байланыштуу кечээ Испаниянын Вашингтондогу элчилигинде да аза күтүү өттү. Ага Испаниянын АКШдагы элчиси, Америкада жашаган испандыктар жана Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш катышты. АКШнын мамлекет башчысы каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты:

– Америка Кошмо Штаттары сиздердин аза кайгыңарды тең бөлүшөт, анткени биз алгоолошуп дүйнөгө бейпилдик жана эркиндик орнотууну көздөп жатабыз. Жексурлар биздин каалоолорубузга суу сээп, келечекке деген ишеничибизге балта чапкысы бар. Испан эли андай жаналгычтарга каршы тикесинен тик турат жана аларга Американын эли жардамдашат! – деди президент Жорж Буш.

XS
SM
MD
LG