БИШКЕК. Америка Кошмо Штаттарындагы Кардиоваскулярдык Терапия Академиясына Жакынкы Чыгыш жана КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алгачкы мүчө катары кыргызстандык дарыгер-кардиолог Талантбек Батыралиев кабыл алынды. Медицина илимдеринин доктору, профессор Талантбек Батыралиев ошондой эле АКШнын Ангиология колледжинин, Инвазивдик Кардиология боюнча дүйнөлүк коомдун, европалык кардиологдор коомунун мүчөсү. Талантбек Батыралиев 1984-жылы Бишкектеги медицина институтун аяктаган. Ал өз адистиги боюнча Орусияда, Улуу Британияда, АКШда жана башка өлкөлөрдө иштеген. Профессор Батыралиев учурда Түркияда Сани Конукоглы атындагы медицина борборунун жетекчиси болуп иштейт.