БИШКЕК. 14-мартта Орусияда президенттик шайлоо өткөрүлөт. Буга байланыштуу Кыргызстанда жашаган орусиялык атуулдар Бишкек, Каракол, Ош, Кантта, Жалалабадда ачылган шайлоо пункттарында добуш беришүүдө. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына караганда, 13-мартта Кант авиа базасындагы Орусиялык аскерлер добуш беришти. Ушундай эле добуш берүү ишемби күнү Жалалабад шаарында өткөрүлдү.