Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:34

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны башталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын бешинчи отуруму башталды. Кыргызстандык делегацияны өкмөттүн регионалдык маселер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов ал эми Тажикстандык делегациясыны ал өлкөнүн Тышкы иштер министринин орун басары Салахидин Насирдинов жетектөөдө. Аламановдун маалыматы боюнча отурумда кыргыз-тажик чек арасын кайсыл документтин негизинде аныктоо маселеси талкууланууда. Тажик тарап чек араны аныктоодо 1924-жылдагы документти ал эми кыргыз тарап 1989-жылы эки тараптуу түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталган документти негиз кылып алууну сунушташууда. Кыргыз-тажик чек арасынын тогошкон тилкесинин узундугу 1295 чакырымды түзөт. Өкмөт аралык комиссиянын отуруму 17-мартта соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG