БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандагы агрардык реформанын 10 жылдыгына арналган эл аралык конференция өз ишин аяктады. Конференциянын пленардык жыйынында президент Аскар Акаев, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Крис Лавлейс, айыл чарба тармагынын адистери, дыйкан чарбаларынын өкүлдөрү сөз сүйлөштү.
Аскар Акаев агрардык реформадагы айрым катачылыктар өлкөнүн айыл, суу чарба министрлигинин ишиндеги кемчиликтер менен байланыштуу болгондугун белгиледи. Ошондой эле ал жакында айыл чарбасындагы реформаны улантуу үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан 15 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү кредит бөлүнөөрүн маалымдады. Буга чеийн Дүйнөлүк банк республиканын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө 120 млн АКШ доллар бөлгөн. Дүйнөлүк банктын өкүлү Кыргызстандагы агрардык реформанын жыйынтыктарын оң баалады. Жыйындын соңунда Резолюция кабыл алынды.