Приштинадан алынган кабарларга караганда, провинциянын президенти Ибрагим Ругованын резиденциясына ким бирөөлөр кол бомба ыргытышкан. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган жок. Иш үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Косовонун премьер-министри Байрам Режепи муну провинциядагы кырдаалды курчутуп, жергиликтүү албандардын көз карандысыздыкка жетишине жолтоо болгусу келген күчтөрдүн аракети деп атады. Косово беш жылдан бери ООНдун башкаруусунда турат жана формалдуу түрдө Сербиянын бир бөлүгү эсептелинет.