Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Түштүк Кореяда коопсуздук кынтыксыз сакталат


Бул тууралуу бүгүн Сеулда президенттин милдетин аткарып жаткан өлкөнүн премьер-министри Ко Гон билдирди. Улуттук коопсуздук, экономикалык баракатчылык, коомдук тартип чөйрөсүндө эч кандай кенемте-кемтикке жол коюлбайт, деп айтты Гон. Куралдуу күчтөрдү премьер кыйла кыраакы жана камбыл болгонго чакырды. Өлкөнүн парламенти кечээ президент Но Му Хенге импичмент жарыялаган соң мамлекет башчысынын милдети премьерге өттү. Парламенттин чечимин эми өлкөнүн жогорку соту алты айдын ичинде тастыктап же төгүндөп бериши керек. Но Му Хендин тарапкерлери бүгүн да аны колдоп демонстрация өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG