Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:26

МАГАТЭ Иранды сынга алган резолюцияны жактырды


Документте Тегерандын кошумча протоколго кол койгону оң бааланды, ошону менен бирге өзүнүн атомдук программасына байланышкан маалыматтарды жашырып жатканы үчүн Иран сынга алынды. Бирок МАГАТЭнин жетекчилиги кабыл алган чечимге ылайык, маселе азырынча ООНдун (БУУнун) коопсуздук кеңешине ашырылбайт. Эгер быйыл июнга чейин абал өзгөрбөсө, анда иш коопсуздук кеңешине өткөрүлөт. Ирандын тышкы иштер министрлиги МАГАТЭнин бүгүнкү резолюциясын пропаганда деп атап, Тегеран мындан ары аталган уюмдун жаңы талаптарын кабыл албай тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG