Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Соңкөлдө балык уулоого тыюу салынган, бирок ал аткарылган жок


НАРЫН. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин ушул жылдын 8-январындагы буйругу менен 10-январдан тартып Соңкөлдөн балык уулоого эки жылга тыюу салынган. Бирок көлдөн балык кармоо токтобой жаткандыгын 13-мартта Нарын облустук балык инспектору Эсен Абышов билдирди. Анын айтымында, 4-март күнү Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери «Нива» автомашинасы менен ташылып бараткан 410 килограмм балыкты кармашкан. Кармалган балык Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн мамлекеттик көзөмөлдөө жана коргоо боюнча облустук башкармалыктын Кочкор району боюнча штаттан тышкаркы инспектору Жаныбек Кутукеевге өткөрүлүп берилген. Жаныбек Кутукеев колго тийген олжону Балыкчы шаарына алып барып, мыйзамсыз сата баштагандыгын прокуратура кызматкерлери ашкерелеген. Ж.Кутуевдин бул мыйзамсыз аракети боюнча кылмыш иши козголгон же козголбогону белгисиз.

Алатоо кабарларын даярдаган - Бүбүкан Досалиева.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG