БИШКЕК. «Кыргызстан–Евразия экономикалык кызматташтык уюму ишкер кеңеши» аттуу ассоциация Кыргызстанга чет элдик инвестиция тартууга багытталган долбоорлорду жыйнап жатат. Аны ЕврЭКга кирген мамлекеттердин ишкер чөйрөлөрү «Ишкер кеңеш» ассоциациясынын Москвада жайгашкан кеңсеси менен бирге жүргүзүүдө. Эң мыкты жана келечектүү долбоорлор ушул жылы Санкт-Петербург шаарында боло турган «ЕврЭК-ишкер Америка» аттуу инвестициялык форумга тандалып алынат. Азырынча Кыргызстандын ар кайсы бурчунан чогултулган 100 долбоордун ичинен 20 долбоор тандалып Москвага жөнөтүлдү. Мындай маалымат «ЕврЭК-Кыргызстан ишкер кеңеши» ассоциациясынан алынды.