БИШКЕК. Акчасын «Рентонгрупп» компаниясына алдатып жиберген бишкектик тургундар 19-март күнү Жогорку Кеңештин имаратынын алдына нааразылык билдирип, пикетке чыгышат. Мындай маалымат бүгүн алданган аманатчылардын төрайымы Татьяна Дагазиевадан алынды. Анын айтымына караганда, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өткөн жылдын декабрь айында «Рентонгрупп» компаниясына акчасын алдаткан атуулдардын мүдөөсү боюнча парламенттик угуу өткөрүп, ишти иликтөөнү өкмөттүк комиссияга тапшырган менен андан майнап чыккан жок. Ошондуктан маселеге парламенттин көңүлүн дагы бир жолу буруу үчүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына барышып, комиссиянын ишинин жыйынтыгын талап кылышат. Андан тышкары алар ушул айдын аягында акыйкатчынын имаратынын алдына да пикетке чыгууга даярдык көрүшүүдө. Анткени, аманатчылар февраль айында акыйкатчыга арыз жазышып, анда өлкө президентинин ишке таасир көрсөтүүсүнө көмөктөшүүсүн Турсунбай Бакир уулунан өтүнүшкөн эле.