Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Индиянын аскер делегациясы Кыргызстанда


БИШКЕК. Бул күндөрү Бишкекте Индиянын коргоо министрлигинин аскер делегациясы жүрөт. Аны Индиянын коргоо министрлигинин аскерий даярдык боюнча департаментинин башкы директору генерал-майор Панаг мырза жетектеп келген. Делегация сапарынын максаты - эки мамлекеттин коргоо министрликтеринин ортосундагы кызматташууну, тактап айтканда, аскерий билим берүү, анын ичинде кыргыз жоокерлерин Индиянын тил үйрөтүүчү колледждеринен окутуу, Кыргызстанда англис тилин жана маалымат технологиясын үйрөтүүчү лаборатория ачуу маселесин талкуулоо. Делегация Бишкектеги жогорку аскердик окуу жайында жана тез аракеттенүүчү аскер бөлүктөрүндө болуп, абалды аныктоодо. Максатты ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү 18-мартта коргоо министринин орун басары Олег Чечель менен болот. Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы аскердик кызматташуу 1997-жылы түзүлгөн меморандумдун негизинде жүргүзүлүүдө. Мындай маалымат коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG