БИШКЕК. Бүгүн түнкү саат бирден отуз мүнөт өткөндө Казакстандын Талгар районундагы Талдыбулак айылында жер көчкү болду. Тынбай жааган жаандан жумшарган жер «Акбулак» аттуу санаторийге тийешелүү көп квартиралуу эки кабат үйдү жана барак тибиндеги бир үйдү басып калды. Кыргызстандын премьер-министр аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Санжар Үмөталиев табигый кырсыктан каза болгондорго көңүл айтуу жиберилээрин кабарлады. Ал эми Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, Кыргызстандан Казакстанга жардам жиберилээри азырынча белгисиз.