Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Грузия - Ажария мамилеси курчуду


Грузиянын президенти Михаил Саакашвилини жекшемби күнү автономиялуу Ажария республикасына өткөрбөй коюшту. Буга байланыштуу Грузиянын аскерлери күжүрмөн даярдык абалына өткөрүлдү. Бирок Саакашвили аймакты тынчтык жолу менен Тбилисинин бийлиги астына келтирүүгө ынтызар экенин билдирип, Россия ич ара тирешүүгө кийлигишсе, чоң “жаңылыштык” болоорун эскертти.
Өз кезегинде Москва грузин жетекчилигин Ажарияга каршы ар кандай күч колдонуудан этият болууга чакырды.
Ажариянын лидери Аслан Абашидзе кечээ күнү Грузиянын жаңы жетекчилиги ага каршы кутум даярдап жатканын эскертип, Россияны жардамга чакырган.

XS
SM
MD
LG