Иран өкмөтү Улуттар уюмунун атомдук энергия боюнча агенттиги - МАГАТЭнин инспекторлорунун өлкөгө кирүүсүнө качан уруксат берээри белгисиз. Мындай билдирүүнү Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Азефи жасады.
Ырасмий Тегеран МАГАТЭ кечээ кабыл алган резолюцияга нааразы болуп, агенттиктин эксперттеринин өлкөгө кирүүсүнө тыйуу салган.
Эларалык агенттиктин резолюциясында Ирандын МАГАТЭ менен кызматташуусу оң бааланып, бирок өлкөдө жакында байытылган урандын табылганы жана Тегерандын айрым учурларда өзөктүк программага байланыштуу маалыматтарды жаап-жашырганы сындалган эле.
Кошмо Штаттары жана башка өлкөлөр Иран өзөктүк куралдуу болуу аракетин жасоодо деп шектенишет. Ырасмий Тегеран атомдук энергияны тынчтык максатында гана колдонууну көздөйбүз деп ырастоодо.