Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

Сирия: Футболдон чыккан чатакта 14 адам набыт болду


Сириянын түндүгүндөгү Камешли шаарындагы кандуу тополоң бүгүн токтотулду. Чатак жума күнү сириялык жана күрт футболдук командалырынын беттешүүсү алдында башталып, кийин коңшу кыштактарга жайылып кеткен эле. Калабада кеминде 14 киши өлүп, 40ка жакын адам жарадар болушту.
Тополоңду басуу үчүн байтак шаар Дамаскиден 775 чакырым түндүктөгү Камешли шаарына Сириянын ички иштер министри Али ажы Хаммуд өзү келди.

Ирактын Күртистан демократтык партиясы бүгүн эртең менен Сириянын түндүгүндө болгон калабада 14 күрт өлгөнүн билдирип, жаңжалдашкан тараптарды чатакты күч колдонбой чечүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG