Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

ЭТА тобу Мадриддеги жардырууга катыштыгы жогун айтты


Баскелик жикчилердин ЭТА тобу Мадрид темир жол бекетиндеги бейшемби күнкү жардырууларга тиешеси жок экенин бүгүн кайрадан билдирди.
Баскеликтердин “Gara” гезитинин интернет-бетине басылган билдирүүдө ошондой эле премьер-министр Хосе Мария Азнардын өкмөтү Иракка каршы АКШ баштаган согушту колдогону үчүн күнөөлөнөт.
Испан бийликтери террордук чабуулдар болгон күнү кандуу калаба үчүн баскелик жикчилердин ЭТА тобун күнөөлөгөн болчу.
ЭТА тобу Испания менен Франциянын ортолугундагы аймакта баскелердин күнкорсуз мамлекетин куруу үчүн күрөшкөн уюм.

XS
SM
MD
LG