Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Испаниядагы шайлоодо Социалисттик партия жеңип чыкты


Аталган партиянын лидери, өлкөнүн жаңы премьер- министри болуучу Хосе Луис Родригес Сапатеро өз сөзүндө терроризмге каршы күрөш анын өкмөтү артыкчылык берген маселеге айланаарын белгиледи. Шайлоонун расмий жыйынтыктарына караганда, оппозициядагы Социалисттик партия 43%, ал эми бийликтеги Элдик партия 38% дай добуш алган. Ал эми коомдук пикирди сурамжылоонун шайлоо алдындагы жыйынтыктары сегиз жылдан бери бийликте турган Элдик партия алдыга чыгаарын көргөзгөн эле. Байкоочулардын пикиринде, бул жолку парламенттик шайлоого өткөн бейшембидеги ири террактын таасири чоң болду. Мадриддин темир жолундагы жардыруулардан 200дөй адам өлүп, 1500 киши жаракат алган. Көптөгөн шайлоочулар бул кандуу окуяны Испаниянын Ирактагы согушка катышуусу менен байланыштырышат, ага кезинде азыркы шайлоодо жеңишке жетишкен Социалисттик партия каршы турган. Ал эми террактар үчүн "ал-Каида" уюму жоопкер болууда. Бомба чабуулдар Испанияны АКШнын Ирактагы согушун колдогону үчүн жазалоо максатын көздөгөнү өзүн "ал-Каиданын" мүчөсүмүн деп атаган адамдын билдирүүсү жаздырылган видеотасмада айтылган.

XS
SM
MD
LG