Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:42

Путин Орусиянын президенттигине кайра шайланды


Кечээги шайлоонун толук эмес жыйынтыктарына караганда, Владимир Путинди добуш берүүгө катышкандардын 71%дайы колдогон. Ал эми шайлоого бүткүл Орусия боюнча калктын 61% катышкан. Путин өткөн түнү өзүнүн шайлоо штабынан телекөрсөтүү аркылуу берилген сөзүндө президенттик кызматтагы экинчи мөөнөтүндө Орусияда граждандык коомду чыңдоону, басма сөз эркиндигин коргоону, улуттук экономиканы өсүшүн камсыздоону убада кылды:

-Сиздерге алдыдагы төрт жылда да ушундай эле ыргаалда (биринчи мөөнөттөгүдөй) иштөөнү убада кылам жана ишендирем. Өкмөт да ыкчам иштеши үчүн колдон келгендин баарын жасайм. Биздин элдин демократиялык жетишкендиктеринин баары камсыздалаарын жана кепилденээрин убада кылам.

Владимир Путинден кийинки экинчи орунду 14%дан ашуун добуш менен Коммунисттик партиянын талапкери Николай Харитонов, үчүнчү орунду 4%дай добуш менен улутчул Сергей Глазьев, андан кийинки орунду 4%га жетпеген добуш менен Ирина Хакамада алган.
Добуш берүү учурунда олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок. Бирок батыштык байкоочулар маалымат каражаттары талапкерлерге бирдей мамиле жасабаганын, атап айтканда алар Путиндин атаандаштарына аз көңүл бурганын белгилешкен.

XS
SM
MD
LG