Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Кочкорлук фермер жөө-жалаңдап Бишкекке келатат


БИШКЕК. Нарын облусунун Кочкор районундагы «Бейшенаалы» дыйкан чарбасынын өкүлү Калиса Бейшеналиева бүгүн «Менин Бишкекке келип, өкмөт үйүнүн алдында өзүмдү өзүм өрттөйм деген ниетимден бийлик мажбурлап баш тарттырды»-деп билдирди. Анын айтымында, ал Кочкордон Бишкекке жөө-жалаңдап келатканда Чүй районундагы Искра деген айылга жеткенде Кочкор районунун акими Алмаз Кулматов Бейшеналиеванын туугандарын жыйып келип, жүрүшүн токтоттурган. Бирок ал сот адилеттигин талап кылуу чечиминен кайтпай тургандыгын жана аны менен өзүнүн атуулдук укугун коргой ала тургандыгын: - Менин бул жердеги мүдөөм - мыйзам бардык адамдарга бирдейлигин далилдөө. Иштерди мыйзам чегинде чечпеген соттор да мыйзам чегинде жооп бериш керек. Карапайым адамдар акчасыз, таанышы жок туруп эле мыйзамга таянып актыгын далилдеп, ишти чечип ала тургандыгына Кыргызстандын аттуу-баштуу сотторунун көзү жетсин,-деп билдирди.

XS
SM
MD
LG