Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Террорист деп шектелгендердин соту уланды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Ленин райондук соту антитеррористтик коалициянын «Манас» аэропортунда жайгашкан "Ганси" авиабазасын жардырганга даярдык көрүшкөн деген шек менен кармалган төрт адамга карата ачылган кылмыш ишин кароону улантты. Бул күнү Улуттук коопсуздук кызматынын эки кызматкери көрсөтмө беришти. Айыпталгандар аларды «күнөөбүздү моюнубузга уруп-сабоо менен алдыртты» деп кинелешкен болчу. Сот жараяны маалында алар көзмө-көз көрсөтмө берип, айыпталгандарды уруп-сабашпагандыгын билдиришти. Андан кийин сот айыпталуучулардын көрсөтмөсүн укту. Ушуну менен айыпталгандар да, айыптоочу тарап да сотто көрсөтмө берип бүтүштү. "Ганси" авиабазасын жардырууга камданышкан деген шек менен өткөн жылы Кыргызстандын үч, Казакстандын бир атуулу кармалган.

XS
SM
MD
LG