Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Бүгүн Женевада БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясынын жылдык конференциясы ачылды.


Адегенде жыйын катышуучулары терроризмден жапа чеккендердин эскеришти. Комиссиянын Жогорку комиссарынын милдетин аткарган Бертран Рамхарандын айтуусунда, терроризм дүйнө үчүн эң чоң коркунучка айланды. Айрым укук коргоо уюмдары кээ бир өкмөттөр терроризмге каршы күрөшкө жамынып, адамдардын укуктарын тебелеп жатат деген сын пикирлерин айтып келатышат.
Конференциянын катышуучуларына Испаниянын тышкы иштер министри Ана Паласио кайрылуу жасайт деп болжолдонгон эле. Бирок белгисиз себептерден улам министрдин кайрылуусу болбой калды.

Күндүзгү жаңылыктар топтомун даярдаган - Айнура ЖЕКШЕ кызы, Прага

XS
SM
MD
LG