Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:01

Ооганстандагы ок атышууда куралчан 3 адам өлдү


АКШнын Ооганстандагы аскерлери өлкөнүн түштүгүндөгү ок атышууда 3 куралчан адам өлтүрүлгөнүн маалымдашты. 7-мартта өлкө аймагы боюнча талиптердин калдыктарын жок кылууга багытталган атайын операция башталган эле.
АКШлык командачылыктын басма сөз өкүлү Брайн Хилферти ишемби күнкү кармаш Забул вилайетинде болгонун билдирди. Коалиция аскерлерине карай да ок атылды, бирок жарадар болгондор жок деп кошумчалады Хилферти.
Ошол эле күнү беш шектүү адам кармалган. Кечээ болсо ошол эле чөлкөмдө дагы 8 шектүү киши колго түшүрүлдү.

XS
SM
MD
LG