Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Москвадагы кырсык иликтенүүдө


Россиянын коопсуздук органдары кечээ Москванын чак ортосундагы тарыхый Манеж көргөзмө залында болгон өрттүн себептерин иликтеп жатат. Расмий маалыматка ылайык, имараттын шыбы кулап кетип, эки өрт өчүргүч набыт болду. Дагы бир өрт өчүргүч жаракат алды.
Москванын мэри Юрий Лужков кырсыктын себеби терроризм же атайлап өрт коюу деген божомолдорду четке какты. Анын айтымында, өрт желдетүүчү системадагы бузулуудан келип чыккан болушу ыктымал. Лужков 1817-жылы ачылган тарыхый имаратты калыбына келтирүү мүмкүн экенине ишенээрин кошумчалады.
Падышалар учурунда Манеж ат жарыштары үчүн пайдаланылчу, жакындан бери ал жерде ар кандай көргөзмөлөр менен жарманкелер уюштурулуп келген.

XS
SM
MD
LG