Социалисттердин лидери, жаңы премьер-министр болот деп күтүлгөн Хосе Луис Родригес Сапатеро бүгүн эртең менен жергиликтүү радиого берген интервьюсунда Испаниянын 1 миң 300 жоокери үйгө кайтып келет деп билдирди. Бирок соңку чечим саясий талкуулардан кийин гана кабыл алынмакчы.
Шайлоо өнөктүгү маалында Сапатеро БУУ тиешелүү мандатын бербесе 30-июнга дейре Испаниянын аскерлерин Ирактан чыгарып кетүү тууралуу айткан эле.
Кечээки парламенттик шайлоонун алгачкы санактарына ылайык, социалисттер 350 орундуу парламентте 164 орунга ээ болду. Абсолюттук көпчүлүк үчүн аларга дагы 12 мандат жетишпейт. Буга чейин өлкөнү жетектеп келген Элдик партия болсо паралментте 148 орун ээлемей болду.
Сапатеро кечээ кечинде сүйлөгөн сөзүндө терроризмге каршы күрөш жаңы өкмөттүн артыкчылык берген багыттарынын бири болот деп билдирди:
- Жаңы түзүлө турган өкмөт диалог, жоопкерчилик жана айкындык принциптерин карманат. Бул өкмөт өз ара түшүнүүчүлүк жана тынчтык үчүн иш алып барат. Менин кечиктирилбес иш-аракетим – терроризмге каршы күрөшүүгө багытталмакчы. Алгачкы демилгем болсо ошол күрөш үчүн саясий күчтөрдү бириктирүү болуп эсептелет.
Өткөн бейшембиде Мадридде болгон терракт 200дөй кишинин өмүрүн кыйды. Бир жарым миңден ашуун адам жарадар болду. Испан өкмөтү бул карасанатайлык үчүн басктердин ЭТА уюмун күнөөлөп жатат. Бирок жуманын аягында "ал-Каида" жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.
Көпчүлүк испандык шайлоочулар соңку чабуул менен Испаниянын Ирак согушундагы туруму ортосунда түздөн түз байланышы бар деп эсептей турганын билдиришти.