Евробиримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Крис Паттен бүгүн Алматыда Казакстандын өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуудан кийин Паттен мындай деп билдирди:
- Биз Казакстанда акыркы он жылдын ичинде болгон олуттуу алга жылуулар жана саясий тоскоолдуктарга байланыштуу өтүп жаткан кызуу талкуулар жөнүндө кабардарбыз.
Казакстандан кийин Евробиримдиктин жогорку өкүлү Тажикстанга, бейшембде болсо Кыргызстанга барат. Паттен сапарын жума күнү Өзбекстанда аяктамакчы.
Сапар маалында Паттен төрт мамлекеттин ырасмий өкүлдөрү менен террорчулукка каршы күрөштө жана Ооганстандын маңзаттарын мыйзамсыз ташууга бөгөт коюудагы кызматташтыкты талкуулайт деп күтүлүүдө.
Андан тышкары Паттен адам укуктарынын абалын да талкууламакчы.
Сапарга чейинки билдирүүсүндө Паттен Борбор Азия мамлекеттери Европа үчүн стратегиялык мааниге ээ деп белгилеген эле. Бирок туруктуу жана жемиштүү кызматташтык үчүн чөлкөмдөгү өлкөлөр атуулдук укуктарды урматтоо багытында иш алып барууга тийиш деген Паттен.