Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:54

Кыргызстандын тоолорунда бир тик учма жоголгону кабарланууда.


Кыргызстандын Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагында бир тик учма жоголууда. Анын ичинде 15 чакты аңчы менен экипаждын төрт мүчөсү болгон деп айтылууда.

Министрлик бүгүн тараткан билдирүүдө тик учма катуу бороондон улам эки күн бою тоодо камалып калган аңчыларды куткарып, аларды алып келаткан деп айтылат. Тик учма кыргыз-кытай чегарасына жакын жердеги чегара бекетине кайтып келатканда байланышты үзгөн.

Жоголгондордун арасында америкалык эки жана канадалык бир атуул бар деп кабарланууда.

XS
SM
MD
LG