Уюмдун учурдагы төрагасы - Ирландиянын ырасмий өкүлүнүн билдиргенине караганда, жыйын ушул жума күнү болот. Анда Испаниядагы жардыруулардан улам келип чыккан маселелер талкууланмакчы. Испаниядагы жардырууларга байланыштуу учурда Европада террорчулукка каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү чакырыктары айтылып жатат. Бул багыттагы иш чараларды координациялоо үчүн Европа биримдигинин террорчулукка каршы күрөш боюнча комиссарынын кызматын киргизүү сунушталууда. Ал эми жакынкы күндөрдө Испанияда Европа өлкөлөрүнүн антитеррордук кызматтарынын жыйыны өтмөкчү.