Европанын, АКШнын жана Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Орусиядагы президенттик шайлоодо Владимир Путиндин жеңишин өлкөдөгү саясий жана экономикалык туруктуулуктун кепили катары баалашты. Бирок европалык байкоочулардын миссиясы Орусиядагы бул шайлоону сынга алды. Алардын пикиринде, мамлекет тарабынан көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары шайлоо кампаниясын бир жактуу чагылдырышты. ЕККУ уюму менен Европа кеңешинин байкоочуларынын биргелешкен тобун жетектеген Жулиан Пил Йейтс Москвадагы басма сөз жыйынында буларды белгиледи:
- Шайлоо жалпысынан нукура демократиялык талаптарга жооп берген жок. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун демократиялык шайлоону чагылдырган негизги нормалары, атап айтканда жандуу саясий талкуу, толук кандуу плюрализм болбоду.
Ал эми англис тилинде чыгуучу "Moscow Times" гезити шайлоочулар эң көп катышкан чөлкөмдөрдүн бири – Чеченстандагы бир катар мыйзам бузууларды кабарлады. Басылманын жазганына караганда, жергиликтүү шайлоо комиссиялардын биринин Зиявди Чагайев аттуу өкүлү жетекчилеринин көрсөтмөсү менен урнага 2000дей бюллетень салганын, кайсыл талапкер канча өлчөмдө добуш алаары ага мурдатан эле айтылганын моюнга алган.