Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Бийлик менен ишкерлер көмүскө экономикага каршы күрөшүү жолун бирге иликтейт


БИШКЕК. 19-мартта Бишкекте «Көмүскө КР-Күнөстүү КG» аттуу бизнес форум болот. Кыргызстандагы ишкерлердин бизнес ассоциациясынын президенти Эмил Үмөталиевдин айтымында, анын максаты - көмүскө экономиканын өнүгүшүнө негиз берген жагдайларды жана ага каршы күрөшүү жолдорун өкмөттүн жана ишкерлердин катышуусу менен аныктоо. Бизнес форумга президент Аскар Акаев да катышып, көмүскө экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө болгон жагдайлар тууралуу өз пикирин билдирээри болжолдонууда. Бизнес форумга катышууну каалаган ар бир ишкер форумдун казынасына 50 доллардан акы төлөйт. Ал эми мамлекеттик бийликтин форумга катышуучу 7 өкүлү үчүн кирүү бекер.

XS
SM
MD
LG