Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Көк майдын баасы арзандайт


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү көк (дизелдик) майга салынган акциздик салыкты азайтты. Ага негиз берген токтомго кол койгондугун премьер-министр Николай Танаев кечээки селектордук кеңешмеде билдирди. Анын маалыматына караганда, токтомго ылайык өлкөгө мунай ташып келип жаткан ишканалар көк майдын баасын төмөндөтүүгө милдеттүү. Ушундан улам Танаев бардык облус губернаторлоруна көк майдын баасына көзөмөл кылууну, эгер баа төмөндөтүлбөсө нефтетрейдерлер жооп беришээрин кабарлады. Ал эми Казакстан Кыргызстанга алдыдагы үч айдын ичинде 15 миң тонна гана көк май сатылсын деген чек койду.

XS
SM
MD
LG