ОШ. Март айынын башынан бери Каракулжа, Өзгөн, Ноокат, Алай райондоруна, Ош шаарына "Жаңы Ордо" гезитин рекламалаган жана район, шаар жетекчилерине элдин көйгөйлүү суроолоруна жооп алып берүү максатында атайын баракчалар таркатылып, эл көп топтолуучу аймактарда чапталып жаткан. Бирок бул окуяны облустук жана райондук жетекчилер элге бүлүк салуу аракети катары баалап жатышат. "Жаңы Ордо" гезитинин кабарчыларынын бири Керим Макеевди облус губернатору жана анын орун басары чакырып, мындай баракчаларды таркатпоону талап кылышкан. Бул маалыматты 16-март күнү "Азаттыктын" кабарчысына "Жаңы Ордо" гезитинин өкүлү Замирбек Божонов билдирди.