БИШКЕК. Аксы райондук акимчилиги Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү митингин 17-мартта өткөрүүгө уруксат берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу бүгүн Аксы окуясында жабыркаган атуулдарды коргоо комитетинин башчысы Кубанычбек Маматкеримов жана "Энелер кыймылынын" төрайымы Дилбар Момукулова маалымдашты. Алардын айтымында, райондук бийликтин уруксат бербегендигине карабай 17-март күнү адегенде атуулдар каза болгон Боспиек айлында эл чогулуп, куран окулат. Андан соң Аксы райондук админстрация имаратынын алдында каза болгондорду эскерүү митинги өтөт. Митингке Аксы районунун жети айыл өкмөтүнөн атуулдар катышаары болжолдонууда.
2002-жылы Аксы районунда милиция кызматкерлеринин аткан огунан аткаруу бийлигинин айтымында, беш, ал эми оппозиция өкүлдөрүнүн эсебинде алты адам каза болгон.
2002-жылы Аксы районунда милиция кызматкерлеринин аткан огунан аткаруу бийлигинин айтымында, беш, ал эми оппозиция өкүлдөрүнүн эсебинде алты адам каза болгон.