Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:46

Кыргыз саясатчылары АКШдан кайтып келишти


БИШКЕК. АКШнын мамлекеттик департаментинин чакыруусу менен бул өлкөгө барган Кыргызстандык саясатчылар бүгүн кайтып келишти. Тутумунда «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев, «Алга, Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, Экономикалык өнүгүү министри Амангелди Муралиев, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев, «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана мыйзамчы депутат Курманбек Бакиев кирген топ АКШда мамлекеттик департаменттин «Эл аралык визитерлор» программасынын алкагында эки жума болушту. Алар бул мезгил аралыгында АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысы Линн Паско баштаган саясатчылары менен жолугушуп, АКШнын мамлекеттик түзүлүшү, саясий партиялары жана шайлоо системасы менен таанышып келишти.

XS
SM
MD
LG