Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:01

Өзгөн районундагы эки мектеп урап калды


ОШ. Мектеп имараттарынын кулап түшүшүнө жумалап жааган жамгыр себеп болгон. Бир имарат 1926-жылы, бири 1961-жылы курулган экен. Кыйроо түнүчүндө болгондуктан адам өмүрүнө забын келгени жок. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлиги Жаңгакты айылына 40 орундуу 8 чатыр алып барып, мектептин 297 окуучусу ошол чатырларда окуп жатышат. Ош облус губернатору Накен Касиев азыркыдай жаан күндөрү балдарды суукка тоңдурбай, окууну убактылуу токтото тургула деген көрсөтмө берди. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлиги Койлубай Тилдебаев атындагы мектеп имаратын үстүбүздөгү жылы толук куруп берүүгө милдеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG