Кечээ Приштинанын чет жакасында өспүрүм курактагы бир серб балага ким бирөөлөр кол салышкан эле. Буга ачууланган бир нече жүз киши кан жолду бууп салышты жана НАТОлук бейпилдик күчтөрү менен эл аралык полициянын өкүлдөрүн ташбараңга алышты. Сербдер БУУнун провинциядагы администрациясынан коопсуздукту камсыз кылууну талап кылышууда.