Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:36

Исламчыл топ Францияны коркутууда


Парижде чыгуучу "Монд" жана "Паризьен" гезиттеринин редакцияларына кечээ келген катта жазылган коркутуу сөздөрү жакында Францияда мектептерде окуучулардын диний символдор менен жүрүүсүнө тыюу салынганы менен байланышкан. Быйыл сентябрь айынан тарта күчүнө кирүүчү мыйзам боюнча, маселен мусулман кыздардын мектепте жоолукчан жүрүүсүнө да тыюу салынган эле. Коркутуу катын жазгандары өздөрүн "Жараткандын, Даанышмандын жана Кудуреттүүнүн кызматчылары" деген топтон экенин билдиришип, бирок катка "Мовсар Бараевдин бригадасы" деп кол коюшкан. Чечен командири Мовсар Бараев 2002-жылдын октябрь айында Москванын театрларынын бирине келгендерди барымтага алган согушкерлерди жетектеген жана Орусиянын атайын кызматтары барымтадагыларды бошотуу максатында жүргүзгөн операциянын учурунда каза тапкан болчу.

XS
SM
MD
LG