Газа тилкесинде палестиндердин Рафах качкындар жатактарына жасалган ракеталык чабуулдан кеминде эки адам каза таап, жетөөсү жаракат алды. Кабарларга караганда, Рафахка ошондой эле Израил армиясынын 20дай танкы жана чоот машиналары да кирген. Кечээ кечинде да израилдик тик учмалардын Газа секторундагы чабуулунан эки палестиналык мерт болгон эле. Мындай чабуулдар Израил өкмөтү өткөн ишемби күнү порттук Ашдод шаарында жанкечтилердин он адамдын өмүрүн алган бомба жардууларынан улам палестин аймактарында жаңы рейддерди өткөрүү жөнүндөгү чечиминен кийин жасалып жатат. Жөөт тараптын айтымында, жогорудагыдай аракеттер болочок терракттарды алдын алуу үчүн зарыл. Палестин өкмөтүнүн мүчөсү Саеб Эрекат Израил мындай чабуулдар менен ийгиликке жете албасын, зордук-зомбулукту токтотуш үчүн тараптар сүйлөшүүгө отуруш керектигин белгиледи.