Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

ӨЗБЕКСТАНДЫН ФУТБОЛЧУ КЫЗДАРЫ ЖИГИТТЕРДИ УТУП АЛДЫ


Шейшекан Жаналиева, Прага шаары Азыркы тапта Өзбекстанда кыздардын футбол боюнча бир нече тобу түзүлгөн. Спорт күйөрмандарынын пикирине караганда, спорттун бул түрүнө кызыккан кыздардын саны улам артууда.

Өзбекстанда кыздардын футбол боюнча алты тобу (командасы) бар. Былтыр өлкөдө футболчу кыздардын мелдеши өткөрүлдү. Ал мелдеште Анжияндан, Намангандан, Жизактан, Каршиден, Самарканддан жана Букарадан келген спортчу кыздар мөрөй талашты.

Бирок ага Ташкендеги кыздардын футбол командасы катыша алган жок.

Машыктыруучу Дилшад Арслановдун айтымында, Ташкендеги кыздардын футбол командасы мындан эки жыл мурда тарап кеткен. “Бирок кыздарды спорттун бул түрүнө кайрадан машыктырып жатам. Себеби кыздар футболго абдан кызыгат. Ар күнкү машыгуудан кийин өздөрүн жакшы сезээрин мага айтып турушат”, - дейт Арсланов.

Ал эми “Сетора-Олимпик” деп аталган кыздардын футбол командасына 14 жаштан 18 жашка чейинки кыздар тартылган. Анын оюнчусу Камола Усманова Өзбекстандын улуттук командасынын мүчөсү болуп саналат. Камола азыр Ташкенде турат. Мурда болсо ал Намангандын намысын талашып келген.

Усманованын айтымында, спортко, айрыкча бүткүл жан отуң менен берилип ойноочу футболго кызыгуу керек. “Спорт ден соолукту чыңдайт. Ар күнү өзүңдү жакшы сезесиң. Маанайың жаркып, көңүлүң көтөрүлүп жүрөт. Кыздардын футбол талаасында топ талашып чуркап жүргөнү эски мусулман салтты карманган кимдир бирөөлөр үчүн өөн учураар. Бирок жигиттер кандай ойносо, биз алардан кем калышпайбыз”, - дейт Камола Усманова.

Дилшад Арслановдун пикиринде, кыздарды футбол талаасында көрүү күйөрмандарга өзгөчө ыракатты тартуулайт. “Ошондон улам футболчу кыздардын шаардык, жумурияттык мелдештери өткөрүлгөн учурларда күйөрмандарыбыздын саны кыйла көбөйөт. Футбол оюну бардык элге жагаарын жакшы түшүнөбүз”, - дейт машыктыруучу Арсланов.

Жакында Ташкен шаарында алдыда белгиленүүчү Нооруз майрамына карата мелдеш өттү. Анда кыздар эркек балдар менен футбол талаасында мөрөй талашты. Мелдештин жыйынтыгында кыздар командасы балдар командасынан бир упай ашык топтоп, жеңишке ээ болду.

Кыргызстанда да кыздардын “Алтын өлкө” деп аталган курама футбол командасы бар. Алатоолук футболчу кыздар Борбор Азия өлкөлөрү боюнча өткөрүлгөн мелдештерде күч сынашып жүрөт.
XS
SM
MD
LG