Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:07

С.Лавров Орусиянын тышкы саясаты өзгөрбөйт деп билдирди


Бүгүн Орусиянын жаңы дайындалган тышкы иштер министри Сергей Лавров анын өлкөсү Ирак менен Жакынкы Чыгыштагы эл аралык иш-чараларга катышууну уланта берет деп билдирди.
БУУдагы мурдагы элчиси кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Орусия өзүнүн стратегиялык быгытын өзгөртпөйт деп белгиледи.
Лавров БУУ Ирактагы ролун кеңейтиши керек деген Москванын турумун кайталап, Израиль өкмөтүнө кайрылып, жол картасынын шарттарын аткарууга үндөдү. Ал ошондой эле Иран Аатомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик менен кызматташууга тийиш деп эсептээрин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG